Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн 12 социалдык объект жабыркады
20 11 2014 09:28
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жалпы облус боюнча 19-ноябрга карата 2329 арыз түшкөн, 1648 турак үй жана 45 социалдык объект текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, анын ичинен 515 турак үй жана 15 социалдык объект I даражада, 715 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 244 турак үй жана 12 социалдык объект III даражада, 143 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин улантууда.
Белгилей кетсек, 14-ноябрда Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга айылдарында күчү 7 баллга жеткен жер титиреген.