Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн III даражадагы жабыркаган үйлөргө каралган каражат аз экенин билдиришти
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткан тургундардын кайрылуусунун негизинде 21-ноябрда депутат Дамира Ниязалиева жергиликтүү эли менен жолугуп, жергиликтүү калк ЖКнын бул чакырылышында Тоң районунан депутат шайланбагандыктан, район көйгөйлөрү эске алынбай келерин айтып, эл өкүлүнөн аларды чечип берүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуудан соң Д.Ниязалиева министр К.Боронов менен бирге жабыр тарткан үйлөрдү кыдырып көрүштү.
Тургундар III даражадагы жабыр тарткан үйлөргө 10 000 сомдон кароо аз экенин билдиришти. Жабырлануучулар III даражадагы жабыр тарткан мектептерди Түрткү берүүчү грант тарабынан каржылануучу обьектилердин тизмесине киргизүүнү суранышты.
Ошону менен катар 4 жылдан бери берилген жүзгө жакын жер тилкелерине там салуу үчүн трансформация боло электиги, райондун борборунда 1000 окуучулук мектепке ремонт жасала электиги, чектелбей жаткан жөлөкпул сындуу бир катар маселелер көтөрүлдү. Депутат Дамира Ниязалиева көтөрүлгөн жергиликтүү мүнөздөгү маселелерди акимге, айыл-өкмөттөрүнө жеринде чечүү боюнча тапшырма берди. Ал эми Жогорку Кеңештин деңгээлинде чечиле турган көйгөйлөрдүн баарын депутат жакын аралыкта комитеттин жыйынына алып чыкмай болду.