Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
З. Жоошбеков: “Бажы биримдигине өтүү менен оң натыйжаларга жетишсек, социалдык багытка каралуучу каражаттар дагы көбөйтүлөт”
Бажы биримдигине өтүү менен оң натыйжаларга жетишсек, социалдык багытка каралуучу каражаттар дагы көбөйтүлөт. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Заирбек Жоошбеков бүгүн, 11-декабрда «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.
“Кыргызстандын 2015-жылга кабыл алган республикалык бюджетинин долбоору ички мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен гана эсептелип чыкты. Ал эми алдыдагы жасала турган кадамдардын олуттуусу – бул Кыргызтандын Бажы биримдигине кирүүгө болгон аракети. Эгер ошол максаттар жигердүү ишке ашып кете турган болсо, анда каражаттарын келип түшүүсү да арбыйт. Мисалы, мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө быйылкы жылга 2 миллиард 800 миллион сомго жакын каражат керектелсе, ал эми кийинки жылга 5 миллиард сом зарыл болот», - дейт З. Жоошбеков.