Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Закят” фондунун түштүк аймагындагы координаторлоруна кылмыш иши козголду
“Закят” фондунун түштүк аймагындагы координаторлоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына бүгүн, 15-январда “Мекенчил” партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков билдирди. Анын айтымында, аталган фонддун башчысы Нурайым Неелова бүгүнкү күнү Кыргызстанда жок, көп убакыттан бери качып жүрөт. “Менин оюмча эртели-кечпи Нурайым Нееловага эл аралык издөө жарыяланат”, - дейт М. Аспеков.
Берилген маалыматка караганда, “Закят” фондунун түштүк аймагындагы координаторлору Манас Эргешов, Шырман Кожоева, Зарлык Танабаев жана Гүлмира Танабаева.
Белгилей кетсек, “Закят” фонду Кыргызстандын он жети миң жарандарын пайызсыз насыя алып беребиз деп 37 миллион сом каражат чогултуп, алдап кетишкен. Фондго нааразы болгон жарандар Башкы прокуратура менен УКМК кызматкерлери фонддун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алууларын суранып, маалымат жыйын беришкен.
Бул маселенин боюнча Мелис Аспеков бир нече убакыттан бери күрөшүүдө.