Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Өздөрүн “Таза оппозициялык кыймыл” деп атаган активисттер күзүндө өтө турган парламенттик шайлоону мыйзамсыз деп эсептеп, мөөнөтсүз митингдерди уюштурат
11 08 2015 15:25
“Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз жана мөөнөтсүз митингдерди, акцияларды уюштурабыз”, -деп TOPNEWS.KG маалымат порталына өздөрүн “Таза оппозициялык кыймыл” деп атаган активист Назарбек Нышанов билдирди.
Анын айтымында, шайлоонун мыйзамы жарандардын конституциялык укуктарын чектеп, алардын шайлануу укугунан ажыраткан болуп жатат.
“Конституция боюнча бүткүл жарандар бир тең укуктуу . Быйыл өтө турган парламенттик шайлоого материалдык мүмкүнчүлүгү бар гана адам шайланат. Азыр карапайым мугалимдер, врач, фермерлердин шайланганга мүмкүнчүлүгү жок. Бул шайлоого орто байлар да катыша албайт. Өтө бай партиялар казино оюнун ойногондой эле Кыргызстандын тагдырын ортого коюп алып ойноп жатышат”, -дейт Н. Нышанов.