Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ж. Оторбаев кыргыз элин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Мамлекеттик тил күнү менен кыргыз элин куттуктады. Куттуктоо:
“Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына 25 жыл толушу менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Мамлекеттик тил күнү аныкталган күндөн тарта чейрек кылымдык мезгил өттү. Бул мезгилде аны өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдин тегерегинде республикада жашаган бардык улуттарды бириктирүү жаатында көптөгөн иштер аткарылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүнкү күндө биздин мамлекеттик иште колдонулуп жаткан мамлекеттик тилди өнүктүрүү, сактоо жана анын мамлекеттик деңгээлдеги өнүгүүсүн камсыздоо үчүн бардык ресурстарды жана мүмкүндүктөрдү колдонууга аракеттенүүдө.
Тилдин мамлекеттик макамы – бул элдин тарыхына жана маданиятына болгон урматтоо сезими, мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн негиздүү белгилеринин бири. Ал эми мамлекеттик тилдин толук кандуу ишке кирүүсүн камсыздаган ырааттуу тилдик саясат өлкөдөгү бардык этностордун тилин сактоо менен катар улуттук биримдикти чыңдоонун маанилүү фактору болуп саналат.
Мамлекеттик тил күнүнүн юбилейинде мен бардыгыңыздарды өлкөнүн патриоту болууга жана мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамдын жобо, талаптарына жараша иш кылууга чакырам.
Жалпыңыздарга ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубаттуулукту каалайм!”