Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ж. Оторбаев: “Мугалимдердин айлыктарды көтөрүү үчүн каражат издөөнү улантабыз”
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алганда, билим берүү жаатында 2014-жылы жасалган иштерди талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Премьер-министр билим берүү жана илим системи өлкө үчүн приоритеттүү багыт экенин белгиледи.
"Биз бюджеттик каражаттын көп бөлүгүн билим берүүнү өнүктүрүүгө жумшап жатабыз. Кыргызстанда учурда 2207 мектеп жана 52 жогорку окуу жайы бар. Мектептерде 1 миллиондон ашык окуучу билим алса, жогорку окуу жайлардагы студенттердин саны 223 миңден ашык. 2014-жылы билим берүү системине 20 миллиард 96 миллион сом бөлүндү",- деди Оторбаев.
Премьер-министр мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселеси чечилбеген бойдон калганын кошумчалады.
"Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү боюнча өлкө президенти тарабынан тапшырма коюлду, өкмөт каржы булактарын табуунун үстүндө иштеп жатат. Бул өтө ири сумма, бирок айлыктарды көтөрүү үчүн бул каражатты издөөнү улантабыз",- дейт өкмөт жетекчиси.
Мындан тышкары кадр жетишсиздиги, илимди реформалоо, жогорку окуу жайларды оптимизациялоо, ректор шайлоого байланыштуу маселелер талкууланды.