Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ж.Оторбаев кыргыз-казак өкмөттөр аралык V кеңешмеге катышат
13 10 2014 11:58
Бүгүн Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыз-казак өкмөттөр аралык V кеңешмеге катышууга Астанага иш сапары менен учуп кетти. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүүсү боюнча, жыйындын жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак өнөктөштүгүнүн азыркы жана келечектеги маселелерин жана ошондой эле, мурда жетишилген келишимдердин ишке ашышын талкуулашат.
Соода жүгүртүү, энергетика, өнөр жай, транспорт чөйрөсүндөгү, чек ара кызматташтык маселелери, миграция, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана башка көңүл бурууну талап кылган учулар киргизилген.