Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ж.Оторбаев: Макроэкономикалык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү орточо аткарылды
2014-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн экономикалык өсүшү 103,6 пайызды түзүп, ички дүӊ өнүмдүн номиналдык көлөмү 397,3 млрд сом болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде 2014-жыл үчүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев отчетунда билдирди.
Анын айтымында, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда, ички дүӊ өнүмдүн иш жүзүндө өсүшү 4,6 пайызды түздү, ал эми 2013-жылы мындай көрсөткүч 6,1 пайызды түзгөн.
«Макроэкономикалык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү орточо аткарылды. Мисалы, 2013-2014-жылдар аралыгындагы экономикалык өсүштүн орточо темпи 107,3 пайызды түздү, бул ЕАЭСтеги өлкөлөр арасында жакшы көрсөткүчтөрдүн бири болуп калды. Тышкы карыздын ички дүӊ өнүмгө карата 60 пайыздык катыш деңгээлинен ашпаган бюджеттик тартыштыкты кыскартуу аркылуу макроэкономикалык туруктуулукка жетүү экономикалык саясаттын негизги багыты болуп саналат», - дейт Ж. Оторбаев.