Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ж.Оторбаев менен Эмгек, миграция жана жаштар министри 2015-жылдын пландарын талкуулашты
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкуловду кабыл алганда, аталган министрликтин 2015-жылына карата коюлган иштердин пландарын талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министр жаңы жумуш орундарын түзүү министрликтин гана эмес, бүтүндөй өкмөттүн негизги милдеттеринин бири экенин айтты
"Кыргызстанда былтыр 160 миңдей ымыркай төрөлгөн, жыл сайын 150 миң жаран жумушчу күчтөр армиясын толуктап жатат. Бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун табуу керек",- дейт Ж. Оторбаев.
Мындан тышкары, Ж. Оторбаев Эмгек кодекс заман талабына жооп бербей калганын, документке өзгөртүү киргизүү керектигин кошумчалады. "Азыркы иштеп жаткан Эмгек кодексине ылайык, эмгек мыйзамдуулугун бузган же иштен айдалган кызматкерлер сот аркылуу кайра иштерине орношууда. Мындай көйгөй мамлекеттик органдарда гана эмес, жеке тармакта да кездешүүдө. Эгер жумушчу Эмгек кодекси боюнча ишке алынып, бирок өзүнүн милдеттерин алып кете албаса, анда аны иштен айдоо дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан ишкерлер жумушчуларды бейформал түрдө ишке алууга ыкташат",- дейт Премьер-министр.