Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“ЖӨАБ органдарын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду
10 08 2015 16:14
Президент Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам ЖК тарабынан 30-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык-экономикалык абалын жакшыртууга, турукташтырууга жана колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.