Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Жалал-Абадда балбандар мелдешти.
04 11 2014 16:40
Жалал-Абадда 1-ноябрда, грек-рим күрөшү боюнча көптөгөн эл аралык жана Борборазиялык мелдештердин чемпиону, ыраматылык Р. Санатбаев атындагы балдардын адистештирилген олимпиадалык резервдеги спорт мектебинде алыш күрөшү боюнча мелдеш өттү. Ага Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан сексенден ашуун жаш балбандар катышты. Калыстар тобу 60 килограммдык салмактагы 1-орунду атаандаштарын утуп чыккан Садыраалы уулу Нупуга, 70 килограммдык салмактагы башкы орунду Эрнис Алымкуловго ыйгарды. Ал эми 80 килограмм салмактагы 1-орун Руслан Табалдиевге тийсе, 80 килограммдан ашкан балбандардын арасындагы 1-орунду Нурболот Курбанов алды.
Мелдешти Жалал-Абад облустук ички иштер Башкармасы кыргыз милициясынын 90 жылдык юбилейинин урматына уюштурду.