Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрү ачкачылык жарыялайт
13 10 2014 10:27
15-октябрда “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрү ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган кыймылдын өкүлү Мелис Аспеков маалымдады.
Анын айтымында, алар бийликтегилерден электр энергиясына байланыштуу 4 маселени чечүүнү талап кылат.
“Эң негизги талаптардын биринчиси: электр энергиянын баасын мурунку бойдон калтыруу, экинчиси: 3 фазалуу электр энергиясын өчүрбөө, үчүнчүсү: Ширшовдун схемасын жоюу , ал эми төртүнчүсү болсо: экс-министр Осмонбек Артыкбаевди 3 күндүн ичинде жоопко тартуу болуп саналат”, -дейт М. Аспеков.
TOPNEWS.KG маалымат порталы Осмонбек Артыкбаевге кайрылганда, ал азырынча эч кандай комментарий бере албай турганын билдирди.