Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Жаңы муун” саясий кыймылынын өкүлдөрү ачкачылык акциясын токтотту
“Жаңы муун” саясий кыймылынын өкүлдөрү кечээ ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган кыймылдын өкүлү Мелис Аспеков билдирди. Ал “Акцияга бийлик тараптан таптакыр көңүл бурбай койгондугунан улам акцияны токтоттук. Региондордон бизди колдоп ачкачылыкка кошулганы келебиз дегендерди келтирбей токтоттук. Биздин кийинки талаптарыбыз Президентке жана башка жогорку бийлик адамдарына багытталат”, - деп белгиледи.
16-октябрда ачкачылык акциясын баштаган уюштуруучулар адегенде электр энергиясына бааны көтөрбөө, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотуу жана аны калыбына келтирүү, энергетикадагы "ширшовдун коррупциялык схемаларын" жоюу, экс-министр Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартуу талабын коюшкан. Кийинчерээк ага Өкмөттү да толук жоопко тартуу талабын кошушкан.