0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Жаңы саясий элитаны кантип тарбиялаш керек?

    15 04 2015 15:38

    Бүгүнкү күндө коомчулукта “элита” деген түшүнүк өз маанисин жоготуп, шарттуу түрдө колдонулуп келет. Жаңы саясий элита кандай болуш керек жана аларды кантип тарбиялоо деген суроолор туулуп келет.

    Саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровдун айтымында,  саясий элита өзүнүн ар бир кадамдары менен, сүйлөгөн сөзү менен коомго, карапайым элге үлгү боло тургандай аракеттерди жасоосу зарыл.

    - Ошондо гана ал «эл каймагы» деген атка татыктуу боло алат. Бирок саясий элитаны жогору жактан, бийлик тарабынан өзгөртүп, түзөсө болбойт. Себеби, адамдардын баары эле саясат менен алышкысы келбейт. Көпчүлүк адамдар саясаттан оолак болууну көздөшөт.Ошондуктан, саясий элитаны эл гана өзүнүн шайлоодогу саясатчыларга карата берген добуштарына жараша алмаштыра алат. Саясий элитаны саясий партиялар жаңырта алат. Алар өздөрү мониторинг жүргүзүп, анан мыкты, жаңы саясат менен алышкысы келген жаштарды өзүлөрүнүн катарына алып, аларды тарбиялап чыкса болот.

    Ал эми Жогорку Кеңештин эркин депутаты Өмүрбек Абдырахманов саясий элита саясий идеяларга карата калыптана турганын айтты.

    -Эгер биз демократия курабыз десек, демократиялык баалуулуктарды, анын принциптерин жана стандарттарын жаштарга үйрөтүшүбүз керек. Батыштан билим алган жаштар гана системаны өзгөртө алышат. А эгер авторитардык коом курабыз десек, азыркыдай эле саясый көз карашы жок, "жакшы бол, бир бол, аман бол" деген эле тарбия жетишет.

    Жаңы элита коомго өзүнүн турганы, басканы менен, жашоо турмушу менен жана кылган иштери менен үлгү болушу зарыл жана эскилерден 100 пайыз айрымаланышы керек экенин КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев билдирди.

    -Жаны саясий элитага талаптар көп эң негизгиси таза, булганбаган, туруктуу жана билимдүү. Мындан тышкары дагы критерийлер бар. Бирок мен атап кеткендер эң маанилуү. Ар бир критерийдин артында терең маани бар. Алдыга өзүнүн кызыкчылыктарын койбой жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоп турушу зарыл. Жаңы саясий мамилелерди жана саясий маданиятты өнүктүрүш керек. Тарбиялоо жолу оор, анткени тарбиячылардын өздөрүнүн маданиятты жок. Алар үлгү боло албайт. Бирок биздин коомдо ушул критерийлерге жооп берген адамдар аз эмес. Аларга жол ачып бериш абзел. Шарт түзүп, жасалма тосколдуктарды түзбөш керек. Эң туура жана мыйзамдуу жол бул шайлоо. Ошол эле учурда акчасы жок адамдар тизмелерге илинбей калышы мүмкүн, демек шайлоо системаны оңдоо зарыл. Мен сунуштаган преференцилдык добуш берүүгө өтүү керек. Бул система жаңы лидерлерге жол ачат жана партиялык коррупциядан алыстатат.

    Жогорку Кеңештин жаш депутаты Дастан Бекешев жаңы саясий элита акылдуу жана талантуу болуш керек экенин айтты

    -Бизге жаны элита керек. Жаңы саясий элитаны биз тарбиялай албайбыз. Аларга саясатка келгенге шартары тузуш керек.

     

     

     

     

     

     

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *