Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Жазында электр энергиясынын тарифтери дагы 20 пайызга жогорулайт
18 12 2014 17:41
Жазында электр энергиясынын тарифтери дагы 20 пайызга жогорулайт, бул Өкмөт кабыл алган тарифтик саясаттын программасында ачык белгиленген. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев «Парламент» радиосунун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 1-апрелден баштап абоненттер 700 к/Вт-саатка чейинки электр энергиясынын 1 киловатты үчүн азыркыдай 70 тыйындан эмес, 84 тыйындан төлөй башташат.
Мындан тышкары жаңы тарифтерди эсептөөдө абоненттер тынчсызданбай эле койсо болот, негизгиси эсептөөлөр так жүргүзүлөт.
Энергетика тармагындагы сунушталган тариф саясатындагы жаңы, экинчи модель 20-ноябрда Өкмөт тарабынан иштелип чыккан. Ал импорт маселесине байланыштуу 11-декабрдан тартып күчүнө кирди.