Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ЖӨБ деңгээлиндеги окутуу боюнча 1 099 441 доллар грантты берүү тууралуу максатталган
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансылар чөйрөсүндө окутуу практикасын кеңейтүү боюнча “тең-теңине” принцибинде долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 099 441 (бир миллион токсон тогуз миң төрт жүз кырк бир) АКШ доллары өлчөмүндөгү грантты берүү тууралуу максатталган. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Санжар Икрамов билдирди.
Анын айтымында, долбоор Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө мамлекеттик финасыларды башкаруу чөйрөсүндөгү потенциалды арттыруу боюнча Донорлордун Көп тараптуу программалык трасттык донорлор фонду тарабынан толугу менен каржыланат.
Долбоорго Кыргызстан тарабынан финансылык чыгымдарды талап кылбайт жана эл аралык эксперттерди жана консултанттарды каржылоо каралбайт.