Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ЖК башкы прокурорлук кызматка И. Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду
28 01 2015 13:52
Бүгүн, 28-январда парламент депутаттары башкы прокурорлук кызматка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду. Анын талапкерлигине каттоодон өткөн депутаттын 105 "макул", экөөсү "каршы" деп добуш берди.
Индира Жолдубаева ишеним көргөзүп жаткан депутаттарга ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, Индира Жолубаева президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Анын талапкерлигин Алмазбек Атамбаев көрсөткөн.