0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    ЖКнын алдында «Карга карганын көзүн чукубайбы?» деген аталыштагы митинг өтөт

    ЖКнын алдында «Карга карганын көзүн чукубайбы?» деген аталыштагы митинг өтөт
    21 04 2015 09:57

    Бүгүн, 21-апрелде, Жогорку Кеңештин алдында укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров «Карга карганын көзүн чукубайбы?» деген аталыштагы митинг өткөрөт. Бул тууралуу жарандык активист өзү TOPNEWS.KG маалымат порталына билдирди.

    Анын айтымында, ал нааразычылык акциясын ЖКнын вице-спикери Төрөбай Зулпукаровго каршы өткөрөт. «Вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдун депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылам», - дейт Ө. Токтонасыров.

    Буга чейин, 10-апрелде Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин алдына «Шок-факт», «Зулпукаров мандатыңды тапшыр» деген жазууларды көтөрүп алып митинг өткөргөн.

    Төрөбай Зулпукаровдун 18 жыл мурунку кыз зордуктоого катышы бар экендигин көз карандысыз комиссия аркылуу иликтөөнү суранган.

    Белгилей кетсек, «Искра плюс» гезитинин 8-апрелде чыккан санында ЖКнын вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдун 1997-жылы кыз зордуктоого катыштыгы бар деп жазып чыккан. Ошону менен катар эле, аталган факты боюнча документтер бар экенин айтышкан.

    Ал эми Төрөбай Зулпукаров аталган маалыматты төгүндөп, гезитти сотко бере турганын билдирген.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *