Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ЖКнын депутаттары жаңы долбоор боюнча премьер-министр депутаттык мандатын сактап калат дегенге каршы экенин билдиришти
«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Майрамкүл Тиленчиева ЖКнын жыйынында жаңы долбоор боюнча премьер-министр депутаттык мандатын сактап калат дегенге каршы экенин билдирди.
Жаңы долбоор боюнча премьер-министр депутаттык мандатын сактап калат. Ал өкмөт башчылык кезинде депутаттыгын токтотуп турат. Андан сырткары, өкмөт башчы жергиликтүү мамлекеттик бийлик башчыларын кызматтан алуу укугуна ээ болот. Азыркы кезде өкмөт башчы аларды кызматтан бошотуу үчүн жергиликтүү кеңештин макулдугу керек.
Бүгүн, 28-апрелде ЖКнын депуттары Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси талкуулап жатат. Жыйындын жүрүшүндө Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун мөөнөтү да каралышы күтүлүүдө. Жыйынды алып барып жаткан «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Куловдун айтымында, өлкөдө айрым реформаларды ишке ашыруу үчүн Баш мыйзамдагы кээ бир беренелерди тактоо зарыл болуп жатат.