Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ЖКнын депутаты Б. Төрөбаев дыйкандардын алган кредитинин төлөө мөөнөтүн узартып берүүнү сунуштады
19 03 2015 09:49
ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын дыйкандарынын алган кредитинин төлөө мөөнөтүн узартып берүүнү сунуштады.
Анын айтымында, Кочкор районунун дыйкандары ага ушул маселе тууралуу кайрылышкан.
“Быйыл кургакчылык болуп дыйкандар “банкрот” болушту. Алар төлөбөйбүз деп жаткан жок, мөөнөтүн узартып бергиле деп кайрылып жатышат. Муну туура түшүнүш керек”, - дейт Б. Төрөбаев.