Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ЖКнын депутаты К. Осмоналиев бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөгөн парламенттик плюрализм орун алганын айтты
“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев ЖКнын V чакырылышы жаңы парламенттик башкаруу системасын жолго салууда алгачкы “карлыгачтардан” болгонун айткан. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Ошондуктан, иштеги алгачкы сыноолорду акылга салып, өздөштүрүп кетүүгө туура келди. Беш фракция ар түрдүү ойлор менен, бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөгөн, парламенттик плюрализм орун алды деп ишенимдүү айтсак болот”, -дейт К. Осмоналиев.
Аталган тармактык комитет билим берүү, илим, спорт, дин, жалпыга маалымдоо каражаттары, интелектуалдык менчик, архив маселелерин карай тургандыгын айткан Каныбек Осмоналиев, жогорудагы багыттарга тиешелүү болгон мыйзам долбоорлорунун бир тобу өкмөт жана эл өкүлдөрү тарабынан сунушталып, кабыл алынгандыгын эске салды. “Бирок, айрымдары каржы маселеси чечилбей калгандыктан аткарылбай калса, кээ бир мыйзамдар жүйөөсүз эле себептер менен ишке ашырылган жок”, - дейт эл өкүлү.