Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ЖКнын депутаты Ж. Жолдошева премьер-министрди «скромный» болууга чакырды
19 06 2015 12:16
Бүгүн, 19-июнда ЖКнын жыйынында «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева премьер-министр Темир Сариевди «скромный» болууга чакырды.
Анын айтымында, премьер-министр аймактарга иш сапары менен барганда отуздан ашык адам коштоп барат экен. «Өткөндө, футбол болгондо, сизди келет деп кошоматчыларыңыз балдардын сууларын тартып алыптыр. Сиздин кошоматчы «мыкты жигиттериңиз» бар экен «фас!» дегенде аткара турган», - дейт Ж. Жолдошева.
Ал эми Темир Сариев депутаттын сөзүн эске ала турганын айтты.