Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ЖКнын тармактык комитетинде А. Толубаевдин 120 жылдыгын өткөрүү чечими кабыл алынды
09 06 2015 14:28
Бүгүн, 9-июнда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун биринчи төрагасы, белгилүү мамлекеттик ишмер Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө маселе каралды.
Маселенин демилгечиси «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев.
2016-жылы Асаналы Толубаевге 120 жаш болот.
Жыйынтыгында КР Өкмөтүнө 2016-жылы Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгын өткөрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүү тапшырмасы берилди.