Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Жогорку Кеңеште жаңы депуттар ант беришти
Бүгүн, 28-январда ЖКнын жыйында КСДП фракциясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген Саматбек Ибраев жана «Ата-Журт» фракциясынын тизмеси боюнча депутат болгон Таалайбек Ибраев ант берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков ант берүү менен өз ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришкен эл өкүлдөрүн парламенттин атынан куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, депутат Саматбек Ибраев Акыйкатчынын орун басарлыгына шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Гүлнара Жамгырчиеванын, ал эми депутат Таалайбек Ибарев соттолгондугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Нариман Тюлеевдин ордуна келди.