Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү
Бүгүн Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин жетекчилиги астында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында жол кырсыгынын санын азайтуу, жол кыймылына катышкан жарандардын ден соолугун жана жашоосун сактоо максатында комиссия тарабынан төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматына күз-кыш мезгилинин кирип келишине байланыштуу алдын алуу иш-чараларын активдештирүү жана жол кырсыктарын кыскартуу, айдоочуларды этияттыкка чакыруу боюнча планды иштеп чыгуу. Өзгөчө көңүл билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жана башка обьектилер жайгашкан аймактарга бурулушу кажет;
- Жол кырсыктарынан 5 же андан көп адам каза болсо, ошондой эле 10 адамдан ашык жаракат алган кырсык болгондон кийинки 3 күндүн ичинде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезексиз жыйынын өткөрүү.
Мындан тышкары комиссия Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол кызматтарына кар тазалоочу техниканы өз убагында даярдап, жайгаштырууну, республиканын унаа жолдорунун тазалыгы тийиштүү деңгээлде болуусун камсыздоо максатында кум жана туздуу аралашманы даярдоо тапшырмасын берди.