0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Журналисттерге кол тийбестик макамы керекпи?

    18 02 2015 12:29

    Кечээ, 17-февралда “Азаттык+” телекомандасы окуу жайлардагы коррупциялашкан жагдайларды иликтөө үчүн Медициналык академияга барганда аларга күч колдонулган. Бул боюнча TOPNEWS.KG маалымат порталы сурамжылоо жүргүздү.

    Күнболот Момоконов, “Эл деми” гезитинин башкы редактору: “Медициналык академия сөз эркиндигин тааныбайт тура

    -Медицианлык академиянын айланасындагы акыркы чатактар, а жердегилердин кычуусуна жакшы эле тийди. Чатактар дегеним, ММКлар кийинки кезде академиянын айланасынан алыс кетпей, коррупцияык иштердин болуп жаткандыгын байма-бай жазып жатышты. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт - дегенче болбой, депутаттыбыздын а жактагы алешимдиктери ачыкка чыгып, акыры тынч бүтүп кетти. Академиянын астанасын ал турсун укукчулар, коррупцияга шектенип кармайбыз дегендер дагы алыс кетпей коюшту. Окуу жайдын алешимдиктерин ачык айтканда журналист журту ачыкка чыгарды. Байма-бай жазылган макалалар апакай көрүнгөн жайды, заматта ызы-чууга айлантты. Демек, журналистерге академиянын жетекчилигинин желкесин көрсөтүп жатканы бекеринен эмес. Кандай боолгобойлу алар катылып жатканын мына ошол кечээги журналистерге болгон алардын мамилеси билдирип турат. Менин баамымда окууу жайга кастарын тигип “кармагыла, камагыла, иштин чоо жайын териштиргиле” деген жогору жактын “оюндары” болуп, аны академиядагылар угуп калышкан. “Ансыз да араң турсак” деген академиячылар кечээгиндей жорукту, жаман ою жок барган журналистерден чыгарып алышты. Ага удаа эле кечээ министрдин жардамчысы болуп отурган Бермет Турсункулова да арызын жазып жиберди. Ал Медициналык академияга кабыл алынышындагы коррупциялык схемаларды иликтөө боюнча комиссиянын төрайымы болуп иштеген. Бул да бекеринен болгон жок. Менин баамымда академиядагы коррупциялык иштердин бетин ачууга кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар. Эгер жакшы ойдо болушса мен алардын ал аракетин колдойт элем. Жок, ал жердеги “орундар” кызык болуп кылтак жайылып жаткан болсо башка кеп. Ал эми кесиптештериме болгон ал аракетти, академия сөз эркиндигин тааныбайт тура деген ой менен түшүндүргүм келет. Бул үчүн демократияык өлкөдө кандайдыр бир чара көрүшү керек деп ойлойм. Бул бүтүндөй мамекеттин башкаруусуна доосун тийгизип коюшу мүмкүн.

    Тынчтыкбек Чоротегин тарых илимдеринин доктору, профессор: “Кабарчы менен элчиге коом урмат-сый гана көрсөтүшү керек”

    -Кабарчы менен элчиге коом урмат-сый гана көрсөтүшү керек. Журналисттер тайманбастан өз коомдук парызын аткара бериши керек.

    Айжан Бактыбек кызы, журналист: “Журналисттерге маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүшү керек

    - Билим берүү мекемесинде маалымат алуу үчүн барган журналисттерге күч колдонулушу  туура эмес көрүнүш. Кайсы гана жерде болбосун, журналисттерге маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүшү керек. Анткени ар бир адам өз кызматын аткарууга тийиш.

    Мавлян Аскарбеков, “Эркин Эл” саясий партиясынын лидери: “А. Зурдинов Медакадемиянын имаратын менчиктештирип алган эмес

    -Медициналык академияда коррупция жок деп ким ишенимдүү айталат? Окуп жаткан студеттерден тарта, алардын ата-энелери, мугалимдери да билишет. Аны иликтеп, маалымат алып, коомчулукка жеткирем деген журналистерди күч колдонуп, кууп чыкканы коомчулукта нааразычылыктарды жаратууда. Биринчиден Аширалы Зурдинов Медакадемиянын имаратын менчиктештирип алган эмес, ал мамлекеттик, кирүүгө, бирөөнү чыгарып, кууп жиберүүгө акысы жок, экинчиден, Зурдинов мырза “Азаттыктын” студиясында да өзүн ушундай орой жүрүшүн көрсөткөн. Мындай адамдар эчак пенсияда, неберелерин тарбиялап олтуруш керек эле, бийлик, коррупциялык акча айынан кызматтан кетпей, кармалып олтурушат. Президент көзөмөлгө алып, Зурдинов мырзаны, анын коррупционер жан-жоокерлерин кошуп жоопко тартуусу зарыл. Башка ректорлорго, мамкызматкерлерге үлгү болуш керек. Жанар Акаев үчүн бул чоң сыноо, бул иштин жыйынтыгы менен ал өз позициясын далилдейт.

    Равшан Жээнбеков, ЖКнын депутаты: “Медициналык академиянын жетекчилери мыйзамды сыйлашпайт

    -Журналист маалымат алууга, таратууга укугу бар. Бул укук мыйзам менен бекитилген. Тилеке каршы, Медициналык академиянын жетекчилери мыйзамды сыйлашпайт.

    Биз, оппозициялык саясатчылар Медициналык академиянын, жетекчисинин моралдык жоопкерчилигин, ал эми журналиттерге кол көтөргөн кызматчылардын мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылабыз

    Каныкей Жунусова, КТРКнын Ала-Тоо маалымат программасынын жоопту чыгаруучу редактору: “Окуу жайдын жетекчилигинин корко турган бер нерсеси бар го деген ойду жаратат

    -Окуу жайдын жетекчилигинин мындай мамилесин сөз эркиндигине болгон бут тосуу катары баалайм. Журналисттерди кубалап чыкканындын өзү эле кимге болбосун демек окуу жайдын жетекчилигинин корко турган бер нерсеси бар го деген ойду жаратат. Тиешелүү органдар, билим берүү министрлиги академиянын жетекчилигинин мындай мамилесине көз жумбай, сөзсүз чара көрүшү керек.

    Бактияр Тукеев,  КТРКнын “Ой ордо” ток-шоусунун алып баруучусу: “Мындай көрүнүштөргө көнүп деле калганбыз

    -Журналисттердин ишмердигинде мындай окуялар дайыма эле болуп турат, мындай көрүнүштөргө көнүп деле калганбыз. Бирок бул жолкусу аябай эле одоно болуп кетти. Министр Эльвира Сариева журналисттерге күч колдонууга аракет кылган кызматкерлерине карата татыктуу чара колдонсо, көбүнө сабак болуп ушул сыяктуу окуялардын мындан кийин кайталанбоосуна өбөлгө боло алат. Анан албетте укук коргоо органдары да бул маселе боюнча укуктук баа бериш керек, себеби болгон окуя тасмага тартылып алынган турбайбы. Муну менен окуу жайдын кызматкерлери өздөрүнүн таза эмес экенин, иштеринде ачыктык жок экенин айкындап алышты окшойт. Болбосо, эмнеден коркту? Эмнени жашыргысы келди? деген суроо туулуп жатпайбы.

    Айида Батырбекова, "Кабар" маалымат агенттигинин жооптуу чыгаруучу редактору: “Өзүм журналист болгондуктан ушул сыяктуу көрүнүштөргө көп эле туш болгом

    -Бул окуя мени катуу деле тан калтыра алган жок. Себеби, өзүм журналист болгондуктан ушул сыяктуу көрүнүштөргө көп эле туш болгом. Эсимде, кайсы бир мыйзамсыз уюмдун ишин чагылдыруу үчүн барганымда кармап калышып "өлтүрөбүз" деп сүйрөп кетишип, элдин жардамы менен араң качып кутулгам. Ал эми билим берүү тармагында мындай оройлуктун болушу өкүндүрөт. Ректор жооп бере албаса анын орун басарлары бар, ошолор менен жолугуштуруп же ректордун бош убактысын айтып коюшса болмок же жооп бере албайт деп баш тартканга деле акылары бар эле. Бул жердеги трагедия операторго кол көтөргөндө болуп жатат. Ошол жери туура эмес болуп калган.

    Мирзат Муканов, НТС каналынын алып баруучусу: “Бул окуу жайдын жетекчилери журналисттерден безгек сайгансып оолак болууга аракет кылып турушат”

    -Мен билгени эле бул окуу жайдын жетекчилери журналисттерден безгек сайгансып оолак болууга аракет кылып турушат. Мындан эки жыл мурда мен ток-шоу программа алып барып жүргөндө да бул темага кайрылганбыз. Бул окуу жайда “Азаттыктын” бүгүнкү күндө көтөргөн маселеси гана эмес, башка дагы толгон-токой көйгөйлөр бар. Мен билгени ошондо эле прокуратура карап жаткан иштери бар болчу. А кандай жыйынтык чыкканын билген жокмун. Суудан кургак чыгып, алгач журналисттен алдап-соолап качып кетишчү. Эми кол көтөргөнү үчүн таң калбай элемин.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *