0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Зина апанын “Эмгек” партиясына үмүтү зор

    Зина апанын “Эмгек” партиясына үмүтү зор
    02 02 2015 12:01

    Ѳткѳн жума күнү Чүй областынын Панфилов районундагы Тельман атындагы айылдын 87 жаштагы тургуну Зина Жумагулова партияга мүчѳ болуу үчүн арызын жазып «Эмгек» партиясынын тѳрагасы Аскар Салымбеков менен жолугушканы атайы келди. Ал жолугушууда элдин кайрымдуу уулу аталган Аскар Салымбеков түптѳгѳн партияга эл арасында урмат-сый жогорулап, жашоону жакшыртууга ѳбѳлгѳ берет деген үмүт пайда болгондугун билдирди. Ушундан улам ѳзү Бишкекке партияга ѳтѳм деп келгендигин айтып, партия ѳз алдына коюп жаткаан милдеттерин аткарып, элдин каалоосун канааттандырсын деген милдетти да койду.

    Андан тышкары Зина Жумагулова ѳзүнүн жубайы Карыпбек Жумагуловдун ысмы коюлган мектептеги музейге жардам берүүнү ѳтүндү. Анын айтымында, балдарды мекенди сүйүүгѳ тарбиялоодо ѳзү туулуп-ѳскѳн жердин, элдин тарыхын билип, жакшы иштери менен атагы чыккан жердештери менен сыймыктануу эң жакшы негиз болот. Ошон үчүн мектепте айылдын тарыхы, атактуу адамдарынын турмуш жолу жана башка сыймыктануу сезимин жарата турган окуялар тууралуу баяндаган музей уюштурулган. Бирок, аны жаңы экспонаттар менен жабдып, ыңгайлуу жайга айландыруу үчүн каражат жетишсиз. Ошондуктан, Зина Жумагулова буга чейин айылдагы балдарга 65 орундук балдар бакчасын ѳз каражатына керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыз кылып берген «Эмгек» партиясына кайрылып, элдин мүдѳѳсүн да билдирүү үчүн келген.

    Аскар Салымбеков мындай кайрылууну «Эмгек» партиясы четке какпай тургандыгын билдирип, жардам берерин билдирди.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *