Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Карга карганын көзүн чукубайт
26-мартта Бишкек шаардык мэриянын алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров “Бишкек шамы гезити чыксын!” деген жазууну көтөрүп тынч митингге чыккан.
Бирок укук коргоо органынын кызматкерлери жарандык активисттин колундагы жазууну тартып алып, кесиптик милдетин аткарып жаткан ММКнын өкүлүнүн ишмердүүлүгүнө тоскоол болушкан.
Бишкек ШИИББнын МКККнын полкунун кызматкерлери милициянын сержанты Күлчоро Абдылдаев жана милициянын старшинасы Аиза Эсенова ММКнын кызматкеринин камерасын тартып алганга аракет кылышып, адепсиз сөздөр менен сөккөн.
TOPNEWS.KG маалымат порталы бул боюнча ИИМдин өздүк коопсуздук башкы башкармалыгына арыз менен кайрылышкан. Алардын айтымында, жыйынтык ушул жуманын аягында чыгат.
ММК өкүлүнүн тартып алган видеосу интернет булактарына тарап кеткен соң Бишкек ШИИБи бир жактуу иликтөө жүргүзүп, “милиция кызматкерлери тарабынан өз милдеттерин аткарууда мыйзам бузуу фактылары аныкталган” жок деген жыйынтык чыгарышкан.
Ал эми бул окуяга күбө болгондордон алар түшүнүк кат алган эмес экенин жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров баса белгилеген.
“Милиция кызматкери “Карга карганын көзүн чукубайт” болушуп, бир жактуу иликтөө жүргүзгөн. Бул Бишкек ШИИБнин жүргүзгөн иликтөөсү мени канааттандырган жок. Анткени алар ошол окуяга күбө болгондордон түшүнүк кат алган эмес. Биринчиден алар менин жарандык укугумду тебелешсе, экинчиден алар журналисттин ишине тоскоол болуп, оозго албаган сөздөр менен сөккөн. Алар видеодо сөгүнгөнү тартылбай калыптыр деп жатышат. Албетте тартылбайт журналисттин колунан камераны жулуп жатса тартылбай калат. Эмне видеодо журналисттин камерасын жабып тоскоол болуп жатканын алар көрбөй калыштыбы? Ал журналист аны сөгүп жаткан учурда да милиция кызматкеринин оюн угуп видеого кошкон. Демек ал өзүнүн кесиптик милдетин аткарган деп эсептейм. TOPNEWS.KG маалымат порталы ИИМдин ӨКББга арыз менен кайрылышкан. Эгерде алар дагы бир жактуу жыйынтык чыгарып өздөрүнө тартып койсо анда мен жогору жактагыларга кайрылам. ”, - дейт Ө. Токтонасыров.
ИИМдин ӨКББнын жыйынтыгы ушул жуманын аягында чыгат.
Белгилей кетсек, КРнын Конституциясынын 34-беренесинде тынч чогулуш эркиндигине ар биринин укугу бар. Тынч чогулушка баруу үчүн аккредитациялоо жана кошумча макулдук алуу талап кылынбайт.