Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т. Жунусбеков: Жерүйдүн иштетилишине каршы жыйынды үзгүлтүккө учураткысы келгендер болду
Талас шаарында Жерүй алтын кенинин иштетилишине каршы жыйын болду. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Төрахан Жунусбеков билдирди. Анын айтымында, жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракеттер көрүлгөн.
«Жыйынды уюштуруучуларына ар кандай кысымдарды көргөзүшкөн. Чогулушту чырга айланту, бул Бабановдун иш-аракети экени билинип калды. Анткени башаламандыкты уюштуруп, башында жүргөн Канат деген жигит «Республика» партиясынын камчысын чаап жүргөнүн бул жакта билгендер айтышууда», - дейт Т. Жунусбеков.
19-майда Талас районундагы Кара-Суу айыл аймагында облустун төрт районунан келген үч жүздөн ашуун адамдын катышуусунда Жерүйдүн иштетилишине каршы улуттук жыйын өтүп, резолюция кабыл алынган.
Эскертсек, Жерүйдү иштетүү боюнча 4-майдагы конкурста россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган.