Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бишкек шаарынын мэриясы жаман иштеп жатат
Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев аталган фракциянын жыйынында билдирди.
«Ата Мекен» фракциясынын жыйынында Темир Сариевдин талапкерлиги жактырылды
Бүгүн түштөн кийин премьер-министрди бекитүү маселеси каралат.
Т. Сариев: Өкмөттүн курамы өзгөрбөйт, бош орундар гана толукталат
Анын айтымында, парламенттик жыйынды эске алганда убакыт тар.
Т. Сариев парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын айтты
Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгын катышкан партиялар, эл тааныш керек.
«Кумтөр» маселесин саясий талаадан экономикалык талаага өткөрүш керек
Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде, ЖКнын адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында премьер-министрге талапкер Темир Сариев билдирди.
А. Кутушев Т. Сариевди парламенттик шайлоого катышпай турганын тактады
«Бир нече убакыттан кийин «шайлоого катышат элем» деп кетип калбайсызбы?», - деп КСДП фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев өкмөт башчысына талапкер Темир Сариевге суроо узатты.
Темир Сариев бош турган министрликтерге талапкерлерди атады
Экономика министрлигине премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун, Каржы министрлигине экономика министринин орун басары Адылбек Касмалиевдин, Транспорт жана коммуникация министрлигине «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Аргымбек Малабаевдин талапкерлигин сунуштады.
Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Т. Сариевдин талапкерлигин жактырды
Мындан кийин Жогорку Кеңеш премьер-министрди бекитүү маселесин карайт.
Парламентте Темир Сариевдин талапкерлиги каралып жатат
Премьер-министрге талапкер Темир Сариев өзүнүн программасы менен тааныштырып жатат.
Бишкек шаарынын тургундары «Эмгек» партиясына ыраазычылык билдиришти
Бишкек шаарынын тургуну, пенсионер Замира Молдокиеванын айтымында, аталган партия бир дагы майрамды калтырбай, кыргызстандыктарды куттуктап турат.
(фото) Бишкекте «Эмгек» саясий партиясы уюштурган салтанат иш-чарасы өтүүдө
«Эмгек» саясий партиясынын лидери Аскар Салымбеков, шаардыктарды бүгүнкү майрам менен куттуктады.
КТРКнын Байкоочу кеңеши корпорациянын иши боюнча жылдык отчет берет
Байкоочу кеңеш бир жылда КТРКнын эки жетекчисин шайлады.
(фото) Жаштар Жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесине арналган спорттук мелдеш өткөрүштү
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына бүгүн, 4-майда уюштуруучулардын бири Дайырбек Орунбеков билдирди.
Сузак районунун Ынтымак айылында жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө
Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Ынтымак айылында 29-апрелде саат 10:40 чамасында айыл аймагына караштуу Көк-Арт дарыясындагы суунун нугу сол тарабына бурулуп, №9 дамбанын болжол менен 800 метр дамбасы жок жерин суу жеп, 54 турак үйгө кооптуу абал жаралган.
Бишкекте бир ай ысык суу өчүрүлөт
Маалымат боюнча, 12-майдан 12-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт.
Премьер-министр Темир Сариев ант берди
Ант берүү аземине президент Алмазбек Атамбаев катышууда.
А. Атамбаев ардагерлерге мааракелик медалдарды тапшырды
Бүгүн, 6-майда gрезидент Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өтө турган Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуучу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуп, «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды тапшырды.
«Манас» сөздүгү даярдалып, басмага сунуш кылынды
Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Манас бөлүмү тарабынан «Манас» сөздүгү» даярдалып, басмага сунуш кылынды.
Владимир Путин А.Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгы менен куттукттады
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чын дилинен ыраазычылык билдирип, чың ден-соолук жана узун өмүр каалады.
Видео: Ала-Тоо аянтында Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына арналган мааракеге даярдык көрүлүүдө
Ала-Тоо, Жеңиш жана эски аянтта эртең мененки саат сегизден, кечки сегизге чейин жол жабык.
Айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо боюнча кызмат көрсөткөн жактарды патенттик усулга өткөрүү демилгеси көтөрүлдү
Жогорку Кеӊеште айыл чараба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөргө салыктык жеӊилдиктерди берүүгө багытталган “КР Салык кодексине толуктоолорду киризүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү
(видео) Транспорт жана коммуникация министрлиги Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өткөрдү
Жаңыдан министр болуп дайындалган Аргымбек Малабаев жумушту жол куруудан баштай турганын TOPNEWS.KG маалымат порталына билдирди.
А. Атамбаев Москвадагы Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышына катышат
Президент Алмазбек Атамбаев 7-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин бейформалдуу жолугушууcуна катышуу үчүн иш сапар менен Москва шаарына учуп келди.
Өздөрүн «Таза оппозициялык кыймыл» деп атаган активисттер АКШ элчилигинин алдына митингге чыгат
Н. Нышанов: АКШдан келген 150 тонна жүктү бизге көрсөтпөсө, анда элчиликте иштегендерди Кыргызстандан кетишин талап кылабыз.