Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Жалал-Абадда автокырсыктан 5 киши каза болуп, 3 адам жабыркаган
Маалымат боюнча, кечээ түшкү саат бир жарымда Бишккек-Ош унаа жолунда «Ауди-100» менен «Ауди С4» кагылышкан.
К. Бокоев: Азыркы кеткен өкмөткө жана буга чейинки өкмөткө да купулум толгон эмес
Бул тууралуу ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев «Мекен инфо» гезитине берген маегинде айткан.
(видео) Аламүдүн райондук соту Дайырбек Орунбековдун ишин кыскартууну четке какты
Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын «президенттин ар-намысына шек келтирди» деп, журналист Дайырбек Орунбековдун үстүнөн жазган арызы бүгүн Аламүдүн райондук сотунда каралды.
Ө. Токтонасыров ЖКнын депутаттарынан отчёт берүүнү талап кылып, митингге чыгат
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына жарандык активист өзү билдирди.
К. Боронов Таластагы селден турак-жайлары жабыркаган жарандардын ал абалы менен таанышты
Талас районунун Арал айылында, 12-майда, болжол менен кечки саат беш жарымда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Коо жана Чанды сайларынан түшкөн сел суулары каналдан ашып, турак жайды, короо-сарайларды жана чарбактарды каптаган.
Таксисттердин өмүрүнө кол салган төртүнчү шектүү адам кармалды
Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери таксисттердин өмүрүнө кол салган адамдардын төртүнчүсүн Бишкек шаарынан кечээ кармашып, бүгүн Ош шаарына алып келишти
Транспорт жана коммуникациялар министри президентке жүргүзүп жаткан иштери туурасында маалымат берди
Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
А. Сасыкбаева сентябрь айында парламент элге отчёт бере турганын айтты
Жарандык активисттер Ак үйдүн алдына ЖКнын депутаттарын элге отчет беришин талап кылып митингге чыгышты
Сузакта 14-майга караган түнү сел жүрдү
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылдык аймагында 14-майга караган түнү нөшөөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон селдин калдыктары Сузак айыл аймагынын Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунун 10-чакырымында жол каттамын убактылуу тосуп калган.
Чаткалда селдин кесепетинен алты жүз кой дарексиз жоголгон
ӨКМнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, маалымат аталган министрликтин Чаткал райондук бөлүмүнө келип түшкөн
Аба ырайы кескин өзгөрүп, сел жүрүшү мүмкүн
16-17-майда мезгили-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
«Таза оппозициялык кыймылы» Темир Сариевди отставкага кетишин талап кылып митингге чыгат
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган кыймылдын лидери Назарбек Нышанов билдирди.
(видео) Активисттер Темир Сариевди отставкага кетишин талап кылып, митингге чыгышты
Алар колдоруна Казакстан жана Россиянын президенттерине ыраазычылык билдирген жазууларды көтөрүп алышкан.
(видео) Ак үйдүн алдындагы митинг учурунда активисттер ортосунда пикир келишпестиктер болду
«Таза оппозициялык кыймыл» Назарбаев менен Путинди колдосо, «Кыргызстан коммунисттери» партиясы Кыргызстандын президентин колдойт экен.
«Шоронун» негиздөөчүсү Т. Эгембердиевдин сөөгү 19-майда жерге берилет
Зыйнат «Супара» этнографиялык комплексинде өтөт.
Кыргыз жетекчилиги Табылды Эгемберидиевди эскеришти
Эскерүүдө кыргыз элинин татыктуу уулдарынын бири Табылды Эгембердиевдин жаркын элеси түбөлүк эсибизде сактала турганын билдиришкен
Таласта «Жерүй алтын кенинин ачылуусуна жол берилбесин» деген аталыштагы элдик жыйын өтөт
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Талас Эл ынтымагы» кыймылынын төрагасы Серен Шейшенов билдирди.
А. Атамбаев айыл-чарба тармагын өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи
Бүгүн, 18-майда президент Алмазбек Атамбаев Айыл-чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевди кабыл алды.
ЭлТРдин башкы директорунун орун басарлары алмашты
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган каналдын жетекчиси Максуда Айтиева билдирди
«Жаңы муун» саясий кыймылынын өкүлдөрү бир нече көйгөйлөрдү талкуулашат
Алар тарифтердин жогорулашы, Конституцияны өзгөртүү, мамлекеттик чек ара маселелери тууралуу сөз кылышат.
Таласта Жер үйдү иштетүүгө каршы эл улуттук жыйын башталганы жатат (фото)
Анонс: Саат түшкү он бирде башталмак
Таласта «Бийлик Жерүйдөн колуңду тарт» деп, улуттук жыйын өтүп жатат
Болжол менен учурда эки жүздөн ашык киши катышууда. Ошол учурда Талас облусунун ар бир райондорунун айыл өкмөттөрү дагы чакырылгандыгы тууралуу айтышууда.
Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жерүйдүн иштеши облусттун табиятына зыян болсо, каршы экенин билдирди
Эске салсак, бүгүн, 19-майда Талас районунун Кара-Суу айылында Жерүйдүн иштешине каршы жыйын өтүп, резолюция кабыл алынган.
(видео) Таласта Жерүй кенинин иштешине каршы улуттук жыйын өттү
Талас облусунун Кара-Суу айылында Жерүй кенинин иштешине каршы улуттук жыйын өтүп, эл резолюция кабыл алды.