Новости - Кабарлар
«Таза оппозициялык кыймылы» Темир Сариевди отставкага кетишин талап кылып митингге чыгат
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган кыймылдын лидери Назарбек Нышанов билдирди.
Аба ырайы кескин өзгөрүп, сел жүрүшү мүмкүн
16-17-майда мезгили-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Чаткалда селдин кесепетинен алты жүз кой дарексиз жоголгон
ӨКМнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, маалымат аталган министрликтин Чаткал райондук бөлүмүнө келип түшкөн
Сузакта 14-майга караган түнү сел жүрдү
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылдык аймагында 14-майга караган түнү нөшөөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон селдин калдыктары Сузак айыл аймагынын Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунун 10-чакырымында жол каттамын убактылуу тосуп калган.
А. Сасыкбаева сентябрь айында парламент элге отчёт бере турганын айтты
Жарандык активисттер Ак үйдүн алдына ЖКнын депутаттарын элге отчет беришин талап кылып митингге чыгышты
Транспорт жана коммуникациялар министри президентке жүргүзүп жаткан иштери туурасында маалымат берди
Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Таксисттердин өмүрүнө кол салган төртүнчү шектүү адам кармалды
Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери таксисттердин өмүрүнө кол салган адамдардын төртүнчүсүн Бишкек шаарынан кечээ кармашып, бүгүн Ош шаарына алып келишти
К. Боронов Таластагы селден турак-жайлары жабыркаган жарандардын ал абалы менен таанышты
Талас районунун Арал айылында, 12-майда, болжол менен кечки саат беш жарымда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Коо жана Чанды сайларынан түшкөн сел суулары каналдан ашып, турак жайды, короо-сарайларды жана чарбактарды каптаган.
Ө. Токтонасыров ЖКнын депутаттарынан отчёт берүүнү талап кылып, митингге чыгат
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына жарандык активист өзү билдирди.
(видео) Аламүдүн райондук соту Дайырбек Орунбековдун ишин кыскартууну четке какты
Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын «президенттин ар-намысына шек келтирди» деп, журналист Дайырбек Орунбековдун үстүнөн жазган арызы бүгүн Аламүдүн райондук сотунда каралды.
К. Бокоев: Азыркы кеткен өкмөткө жана буга чейинки өкмөткө да купулум толгон эмес
Бул тууралуу ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев «Мекен инфо» гезитине берген маегинде айткан.
Жалал-Абадда автокырсыктан 5 киши каза болуп, 3 адам жабыркаган
Маалымат боюнча, кечээ түшкү саат бир жарымда Бишккек-Ош унаа жолунда «Ауди-100» менен «Ауди С4» кагылышкан.
Өздөрүн «Таза оппозициялык кыймыл» деп атаган активисттер АКШ элчилигинин алдына митингге чыгат
Н. Нышанов: АКШдан келген 150 тонна жүктү бизге көрсөтпөсө, анда элчиликте иштегендерди Кыргызстандан кетишин талап кылабыз.
А. Атамбаев Москвадагы Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышына катышат
Президент Алмазбек Атамбаев 7-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин бейформалдуу жолугушууcуна катышуу үчүн иш сапар менен Москва шаарына учуп келди.
(видео) Транспорт жана коммуникация министрлиги Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өткөрдү
Жаңыдан министр болуп дайындалган Аргымбек Малабаев жумушту жол куруудан баштай турганын TOPNEWS.KG маалымат порталына билдирди.
Видео: Ала-Тоо аянтында Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына арналган мааракеге даярдык көрүлүүдө
Ала-Тоо, Жеңиш жана эски аянтта эртең мененки саат сегизден, кечки сегизге чейин жол жабык.
Айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо боюнча кызмат көрсөткөн жактарды патенттик усулга өткөрүү демилгеси көтөрүлдү
Жогорку Кеӊеште айыл чараба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөргө салыктык жеӊилдиктерди берүүгө багытталган “КР Салык кодексине толуктоолорду киризүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү
Владимир Путин А.Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгы менен куттукттады
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чын дилинен ыраазычылык билдирип, чың ден-соолук жана узун өмүр каалады.
«Манас» сөздүгү даярдалып, басмага сунуш кылынды
Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Манас бөлүмү тарабынан «Манас» сөздүгү» даярдалып, басмага сунуш кылынды.
А. Атамбаев ардагерлерге мааракелик медалдарды тапшырды
Бүгүн, 6-майда gрезидент Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өтө турган Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуучу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуп, «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдарды тапшырды.
Премьер-министр Темир Сариев ант берди
Ант берүү аземине президент Алмазбек Атамбаев катышууда.
Бишкекте бир ай ысык суу өчүрүлөт
Маалымат боюнча, 12-майдан 12-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт.
Сузак районунун Ынтымак айылында жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө
Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Ынтымак айылында 29-апрелде саат 10:40 чамасында айыл аймагына караштуу Көк-Арт дарыясындагы суунун нугу сол тарабына бурулуп, №9 дамбанын болжол менен 800 метр дамбасы жок жерин суу жеп, 54 турак үйгө кооптуу абал жаралган.
(фото) Жаштар Жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесине арналган спорттук мелдеш өткөрүштү
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына бүгүн, 4-майда уюштуруучулардын бири Дайырбек Орунбеков билдирди.